Баткен губернатору облустун аймагында азык-түлүккө болгон баанын көтөрүлүүсүнө бөгөт коюу жана кыйынчылыктан кантип чыгуу жолдорун талдоо максатында облустагы жетекчилер менен жыйын өткөрдү. Жыйын талкууга район акимдери, шаар башчылар жана мекеме жетекчилери катышты. Облус губернатору Султан Айжигитов буудай аянттарын кеңейтүү керектигин айтып, күздүк буудайдын аянтын 26 900 гектарга жеткирүү керектигин белгиледи. Баткен облусу боюнча дан эгиндердин себилген аянты болгону 296 гектарды түзөт. А базардагы буудайдын баасы 20 сом, ундун килограммы 32 сомду түзүп олтурат. (SA)