Бүгүн адам укугун коргоочу Фридом Хауз уюму менен бирдикте адам укугун коргоочу уюмдар маалымат жыйынын өткөрүшөт. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча анда Кыргызстандагы адам укугун коргоочулардын өздөрүнүн акыбалы оор. Көп учурда алар бийлик жана күч органдары тарабынан куугунтукка алынып келишет, дейт укук коргоочу. Бүгүнкү жыйында өлкө бийлигин демократиянын жоболорунан чыкпай, адам укугун сактоого чакырган кайрылуу таратылышы мүмкүн.
Ал эми президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун март ыңкылабынан кийин Кыргызстанда адам укугу бир топ жогору деңгээлде корголуп жаткандыгын белгилейт.
(ZKo)
Ал эми президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун март ыңкылабынан кийин Кыргызстанда адам укугу бир топ жогору деңгээлде корголуп жаткандыгын белгилейт.
(ZKo)