Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:03

Кошмо штаттар Мьянманын аскерий режимине каршы санкция киргизүүгө чакырууда


АКШ президенти Жорж Буш бардык өлкөлөрдү өкмөткө каршы чыккан демонстрацияны кууп таратууда курал колдонуудан баш тарттыруу үчүн Мьянманын аскер хунтасына кысым көрсөтүүгө чакырды. БУШ АКШ Мьянмага санкция киргизгендигин жарыялады.
Түштүк-чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы да Мьянма бийлигинен демонстранттарга каршы күч колдонушту токтотууну талап кылып, Янгондогу кандуу окуяны сынга алды.
Кечээ Янгондо антиөкмөттүк демонстрацияны кууп таратууда 9 киши өлүп, 11 киши жарадар болгон. Өлгөндөрдүн арасында япон журналисти бар.

XS
SM
MD
LG