Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

8:30 Бүгүн Жогорку Кеңеш Аксы окуясы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иликтөөсүн талкууга алат


ЖК депутаты Султан Урманаевдин кол тийбестигин алуу боюнча Башкы прокурордун сунушу менен түзүлгөн депутаттык комиссия өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын 14-сентябрда жарыялаган. Анда 2002-жылы Аксыда эң оор саясий кылмыш жасалган деп айтылып, Аксыдагы ок атуу боюнча кылмыш ишин козгоо, мурдагы президент Аскар Акаевден, азыркы президент Курманбек Бакиевден жана Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновдон кол тийбестикти алып, ишин кароону эл аралык сотко өткөрүп берүү сунушталган. Конституциялык реформа жана Референдумга байланыштуу бул сунушту талкуулоо убактылуу токтотулган. Апта башында ЖК төрагасы Марат Султанов Султан Урманаевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берилбеген кат Башкы прокуратурага жолдонгонун маалымдаган эле.
Аксы окуясына байланыштуу сот иши 1-октябрда Жалалабатта башталат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG