Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

АКШ ОТУНДУН АЛЬТЕРНАТИВДҮҮ ТҮРҮНӨ ӨТҮҮ ПЛАНЫН ИШКЕ АШЫРУУНУ БАШТАДЫ


Бир нече ай мурда АКШ президенти Жорж Буш глобалдык климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү боюнча демилге көтөрүп, ага ыктыяруу гана өлкөлөрдү кошуп, экономикасы ылдам өсүп бараткан Кытай менен Индияны кошпоону сунуш кылган. Бул демилге өндүрүштүк газдарды бөлүүнү кыскартуу жөнүндөгү Киото протоколу жана БУУ менен Европанын планын камчылап, атаандаштыкка чакырат. Мамкатчы Кондолиза Райс бейшемби күнү Вашингтондо 16 мамлекеттин өкүлдөрү менен болгон кездешүүдө Буштун планын ишке ашырууу башталганын жарыя кылды.

Райс айымдын сөзүнчө, дүйнө өлкөлөрү энергиянын жаңы түрүн пайдаланууга азыртан өтпөсө, кийин бул идеяны ишке ашырууга алардын кудурети жетпей калат:

-Биз ушул жолдо жүрсөк, туңгуюкка такалабыз. Же биздин планетанын ден соолугунун коопсуздугу үчүн глобалдык экономиканы курмандыкка тартышыбыз керек же биздин планетанын ден соолугун жер койнунан казып алынган отундардын өсүп бараткан керектөөсү үчүн садага чабабыз. Мындан баш тартышыбыз шарт. Анын ордуна табигый отунду, көмүр кычкылтегин бөлүүнү жана экономикалык активтүүлүгүбүздү кыскартышыбыз зарыл. Азыркы жарабаган системадан суурулуп чыгышыбыз керек.

Райс мунай-газ, көмүрдү пайдалануунун коромжучул жолунан кантип чыгуунун амалын айтпады. Жаңы технологиялык жолго ар бир өлкө экономикасын отунду керектөөнү көбөйтүп, айлана- чөйрөгө зыян келтирбегендей жол менен өнүктүрүү аркылуу өтүүшү керек. Бул ар бир өлкөнүн ыктыярындагы иш, деп эскертти Кондолиза Райс.

Президент Буш абанын ысышын токтотуу үчүн суутек менен иштеген автомобилдерди жасоо үчүн чоң каражат бөлгөн. Бул, албетте, АКШнын тышкы мунайга болгон көзкарандысыздыкты кыскартууну да көздөп жасалган кадам.

БУУнун климат боюнча жооптуу кызматкери Ииву де Буер Буштун жаңы планын колдоп, бакубат өлкөлөр чогуу аракеттенсе, зыяндуу газдарды абага бөлүүнү кыскартуу жеңил болорун айтты:

-Экономикасы кубаттуу өлкөлөрдүн бириккени жакшы. Себеби, чоң проблеманын ачкычы аз сандагы кубаттуу өлкөлөрдүн колунда.

Вашингтондук эксперт Рональд Бейли азырынча мунай- газ, көмүрдү колдонуу отундун альтернативдүү түрлөрүнө караганда арзан болгондуктан, Буштун революциячыл планына өтүү келечектин иши деп санайт. Андыктан, бүгүнкү жагдайда инвесторлорду жана ишканаларды энергиянын альтернативдүү түрлөрүн өнүктүрүүгө кызыктыруу зарыл. Ошондой эле Буш өзү жана анын ордуна келчү президент инвестияны негизинен энергиянын жаңы түрүн өнүктүрүүгө салып, илимпоздорду планды жүзөгө ашыруудагы негизги өнөктөш кылып алуу жөндүү дейт эксперт.

XS
SM
MD
LG