Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:31

10:36 Бишкекте ЖККУ коргоо министрлеринин жыйыны өтүп жатат


Анда кызматташтыктын укуктук базалары талкууланууда. Жыйында жаммаатын чегинде эки жылдан бери жүргүзүлүп жаткан аскерий курулуштардын сапатына баа берилет. Күн тартибиндеги маселелердин негизинде жоон топ документтер кабыл алынаары күтүлүүдө. Алардын катарында Жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөр, тынчтыкты сактоочу ыкчам операцияларды даярдоочу жумушчу топ түзүү жөнүндөгү документтер бар. Коргоо министрлеринин Бишкек жыйынына Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Армениянын, Беларустун, Тажикстандын коргоо министрлери, Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа катышууда. Жыйынга Кыргызстандын коргоо министри министри Исмаил Исаков төрагалык кылууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG