Комиссиянын тыянагына караганда, Президент, Жогорку Кеңеш жана жарандык коом сунуш кылган талапкерлердин ичинен төмөнкүлөр жеңишке жетишти: Кыргыз-казак академиясынын кафедра башчысы Автандил Арабаев, «Укугум бар!» программасынын режиссеру Нурия Иманкулова, УСТАнын кафедра башчысы Рыскулбек Жумабаев, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ага окутуучусу Бакыт Орунбеков, БГУнун социалдык иликтөөлөр борборунун башчысы Бакыт Малтабаров, Октябрь районунун билим берүү борборунун кызматкери Гүлмира Артыкбаева, Махмуд Кашгари университетинин кафедра башчысы Аскар Медетов, Бишкектеги экономикалык анализ борборунун башчысы Сапар Орозбаков, «Айкөл Манас» борборунун башчысы Бактыбек Максутов, Маалымат каражаттары боюнча коомдук палатанын мүчөсү, медиа-консультант Эльвира Сариева, ОшТУнун Өзгөн бөлүмүнүн башчысы Исмаилжан Шайбеков.
Шайлоонун кечээ өткөн биринчи айлампасында аталган тараптардан байкоочу кеңешке төрт мүчө шайланышкан. Алар: Улуттук филармониянын директору Керим Турапов, "Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмесинин директору Гүлнара Ибраева жана БГУнун журналистика факультетинин деканы Алтын Асанова жана эч жерде иштебеген Мыктыбек Өмүрзаков. Ошентип, Жогорку Кеңеш УТРКнын байкоочу кеңешинин 15 мүчөсүн жумшак рейтинг жолу аркылуу бюллетень менен шайлап беришти. Мүчөлүккө тараптардан 30 талапкер сунушталган болчу. (BuS)