Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

12:41 «Ата Мекен»: Референдумдун жыйынтыктарын Жогорку Кеңеш жокко чыгарышы мүмкүн


Референдум өткөндөн кийин анын жыйынтыктарын бир айдын ичинде Жогорку Кеңеш карап чыгып, мыйзамсыз деп табышы мүмкүн. «Ата Мекен» партиясынын басма сөз кызматы бүгүн таркаткан билдирүүдө референдум конституциялык эмес мыйзамдын негизинде өткөнү жаткандыктан, аны ушундай тагдыр күтүп жатканы эскертилет. Анткени, 21-октябрда болуучу референдум 1991-жылы кабыл алынган «Референдум жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде өткөрүлгөн жатат. Бирок бул мыйзамдын «Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссия жөнүндө» мыйзамга кайчы келген жактары көп. Ошондуктан, референдум дагы конституциянын талаптарын бузуу менен өткөрүлгөн болуп эсептелет. Жогорку Кеңеш референдум өткөрүү жөнүндө конституциялык мыйзамды сентябрда кабыл алып, президентке жөнөткөн, бирок ага кол коюла элек.

«Ата Мекен» партиясы бир эле учурда ноябрь жана декабрь конституцияларын жокко чыгарган Конституциялык Соттун чечимин жараксыз Конституцияга негизделген мыйзамсыз чечим деп катуу сынга алган. «Жогорку Кеңеште кабыл алынып, Президенттин колу коюлуп, демек иш каралып жатканда күчүндө турган жана аракеттеги Конституцияны жокко чыгарып, жараксыз болуп калган 2003-жылдагы Конституцияга таянып, Конституциялык Сот ыйгарым укуктарынан аша чаап чыгып кетти», деп айтылат билдирүүдө. «Ата Мекен» партиясынын ишеними боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушинтип тоготпой, байма-бай буза берүү акыры мамлекеттик бийликти иритип, ага болгон ишенимди жоготуп, мамлекеттин бир бүтүндүгүн буза турган коркунучка такашы өтө ыктымал. (KCh)

XS
SM
MD
LG