Бул тууралуу бүгүн уюштурулган маалымат жыйынында кыймылдын демилгелүү тобу билдирди. Кыймылдын төрагасы Төлөгөн Рахмановдун билдиргенине караганда, бакубатчылыкты, мыйзамдуулукту жактаган коомчулуктун алдыңкы катмары кыймылга биригип, Конституциянын жаңы редакциясын колдоо иретинде жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. 22-сентябрда түзүлгөн кыймылга учурда жүздөн ашык жаран бирикти. (BuS)
13:10 «Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн!» кыймылы жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат