Учурда Вашингтондо жүргөн тышкы иштер министри Эднан Карабаев кечээ АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары, ЮСАИД жетекчисинин милдетин аткаруучу Х. Форе менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Министр жолугушууда Кыргызстандын өнүгүүсүнүн 2007-2010-жылдар үчүн стратегиясы тууралуу маалымат берип, стратегияга кирген инвестициялык долбоорлорду тапшырды. Мындай маалыматты бүгүн тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы таратты. (BuS)