Кышка карата облустун 450 мектеби үчүн 7208 тонна көмүр ташуу жагы каралган. Каржы министрлигинен облустагы айыл өкмөттөргө көмүр сатып алууга 7 миллион сом акча каражаты которулуп берилгени менен көмүр ташуу иши создугууда. Ушу жумага карата мектептерге 1350 тонна же зарыл болгон көмүрдүн 15 пайызы гана ташылган. Мындай маалымат облустук билим башкармасынан алынды. (YA)