Ош шаардык кенешинин депутаттыгына талапкер, «Голден гоэл» коомдук бирикмесинин төрагасы Алишер Мамажановдун өмүрүнө криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү коркунуч туудуруп жатат. Мындай опузалоо жана күч колдонуу аракети туурасында 28-сентябрда «Азаттыкка» кабарлаган Алишер Мамажанов өзү талапкерлигин албай тургандыгын, кокус ага же үй-бүлөсүнө коркунуч туулса, даяр материалдарды укук коргоо органдарына тапшыра тургандыгын билдирди. Ош шаардык милиция башкармасынын начальниги Рустам Мырзаматов укук коргоо органдарына, округдук шайлоо комиссиясына Алишер Мамажанов аны кылмыштуу чөйрөлөр коркутуп жаткандыгы туурасында даттанып кайрылбагандыгын ырастады. (АТо)