Анда аскерий-техникалык кызматташтыкка, кызматташтыктын укуктук базаларына, байланышкан ар кыл маселелер талкууланып, анын негизинде жыйырмага жакын документ кабыл алынды. Коргоо министрлеринин Бишкек жыйынына Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Армениянын, Беларустун, Тажикстандын коргоо министрлери, Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа катышты. Жыйынга Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаков төрагалык кылды. (BuS)