Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

«КАМЭК» КЛИНИКАСЫ ЛИЦЕНЗИЯСЫНАН АЖЫРАДЫ


«КАМЭК” жеке менчик клиникасында өлүмгө учураган К. Ачакеевдин аялынын даттануу арызы боюнча Улуттук хирургия борборунда хирургдардын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ассоциациясынын өкүлдөрүнүн жана алдыңкы анестезиолог-реаниматологдордун катышуусунда жыйын өтүп, “КАМЭКтин” ишмердик лицензиясы кайра чакыртып алынды.

Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясынын тыянагындагы маалыматтарга караганда, “КАМЭК” жеке менчик клиникасында 2007-жылдын 22-июнунда түнкү саат 2.00 де операцияга алынган “Манас” аэропортунун вице-президенти Кулмухаммед Ачакеев 2 жыл убакыттан бери аэропорттун медициналык-санитардык бөлүмүндө өтүндө таш бар деген диагноз менен каттоодо турган. К. Ачакеев “КАМЭКке” абдан катуу кыйналып, эси тангыдай абалда келип түшөт. Ага түнкү 2 де жасалып башталган операция 40 мүнөттө ийгиликтүү бүтүп, оорулуу Ачакеев палатага алып келинет. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия биринчиден оорулуу операциядан кийинки эки саат ичинде дарыгерлер тарабынан жакшы каралбай калган деп жыйынтык чыгарды.

Комиссия түнкү саат 2.00 де оорулууну операцияга алуунун зарылдыгы жок эле, балким күндүзү оорулуу операцияга жакшы даярдалып жасалса мындай кейиштүү окуя болбойт беле деп эсептейт. Бирок операция түндө жасалса да, ийгиликтүү жасалган. “Оорулууну операцияга алууда бизде түн менен күндүн айырмасы жок”,- деди “КАМЭКтин” президенти, Ачакеевге операция жасаган профессор Эркин Мамытов:

-Биздин клиниканын тактикасы өзү ушундай. Оорулуу келген күнү эле текшерүүлөрдү жүргүзүп, операцияга алабыз. Өттүн сезгенүүсүн же өттөгү ташты биз оорулуу келген күнү эле жасап келатканбыз. Бул жеңил эле операция. Муну алдыңкы методдор менен жеңилдетип койгонбуз.

Комиссиянын бүтүмүндө тез аранын ичинде токтоосуз операциянын кереги жок болчу деп жазылат:”Бул жерде оорулууну операцияга шашпай даярдап, “плановый операция” деп коет ошентип эле, анан операциядан кийин да жакшылап караш керек эле. Дем алуусу начарлап, кан басымы төмөндөп, мээ клеткаларына доо кеткен. Ошондон улам, некроз болуп кеткен. Ткандар, клеткалар өлүп баштаган. Ошол себептен мээси шишип, жүрөгү, мээси иштөөсүн токтоткон.”

Операциядан соң жарым сааттан кийин оорулуунун абалы начарлап, дем алуусу кыйындап, жүрөгү токтогонго аз калат. Өз учурунда дарыгерлер тарабынан реанимациялык чаралар көрүлүп, оорулуунун жүрөгү калыбына келет.

“КАМЭКтин” президенти Эркин Мамытовдун пикиринде оорулуу Ачакеевдин өлүмү КАМЭКтин дарыгерлери тарабынан жакшы каралбай калгандыктан эмес, бутундагы сыныктан улам уюп калган кандан келип чыккан:

-Консилиумдун негизи – оорулуунун бутунда сыныгы болуп, көп убакыт гипсте турган экен. Ошол гипсте турган жердеги уюп калган кандан улам жүрөгү токтогон. Биздин консилиумга катышкан Алматынын көз карандысыз дарыгерлери деле айтышты муну туугандарына.

Ошентип оорулуу Ачакеевдин өлүмү боюнча “КАМЭКТин” ишин караган комиссия клиниканын ишмердик лицензиясын чакыртып алып, “КАМЭКтин” ишин токтотту:

-Закон боюнча анын иштегенге акысы жок. Эгер иштесе, законду бузганга жатат. Биз мыйзам чегинде алгач эскертүү бердик. Андан кийин лицензияны чакыртып алдык. Лицензияны саламаттык сактоо министрлиги берген, кайра чакыртып алууга укуктуу,-деди Саламаттык сактоо министрлигинин башкы хирургу Самат Тойматов.


“КАМЭКтин” жамааты болсо бул ишти караган комиссиянын чечими менен макул эмес. Эркин Мамытовдун айтымында комиссия оорулуу кандай себептен каза тапканын текшерип изилдебей эле, дароо эле лицензияны алуудан баштаганы – компетенттүүлүккө жатпайт:

- Мындай окуя 5-6 жылдан бери бизде биринчи жолу болуп жатат. Анан ушуну бүт республикага жар салып жиберишти. А башка ооруканаларда күндө өлүп жатпайбы... Эмне үчүн аларга көңүл бурушпайт?

“КАМЭК” клиникасында К. Ачакеевдин операциядан кийин кайтыш болгон фактысы боюнча ишти Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы карап жатат.

XS
SM
MD
LG