ТБИЛИСИ. Оппозициянын төрт миңдей тарапкери президент Саакашвилинин кызматтан кетүүсүн жана парламенттин таратылышын талап кылып, парламенттин алдына митингге чыгышты. Митингге Грузиянын мурдагы ички иштер министри, президент Саакашвилинин каршылашы Иракли Окруашвилинин кечээ камакка алынганы түрткү болду. Окруашвили кечээ арам акчаны адалдаган жана кызмат ордунан кыянат пайдаланган деген кине менен камакка алынган. Оппозиционер президентти саясий киши өлтүрүүлөргө буйрук берген деп айыптап чыккан.