Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

АК ТАҢДАЙ АКЫН, АЙТЫЛУУ ООЗ КОМУЗЧУ


Ар тараптуу, көп кырдуу талантка бай Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө, жазгыч акын, темир ооз комузчу, обончу, кыл кыякчы, комузчу, ырчы-аткаруучу Токтосун Тыныбеков тирүү болгондо үстүбүздөгү жылдын октябрь айында 80 жашка чыкмак.

Токтосун Тыныбеков. Ал ким эле? Токтосун Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониясынын белдүү шайыры, ыр берметтерин сабалата төккөн актаңдай төкмө, колунан калемин түшүрбөгөн жазгыч акын, көмөкөйүнөн мукам кайрыктарды кубулжута каккан темир ооз комузчу, үч кылга жан киргизе черткен чебер чертмекчи, бойдон кирип жүрөктөн түнөк тапкан обондорду чыгарган обончу, кыл кыякта кыялыңды кытыгылаган күүлөрдү тарткан кыякчы эле. Ал турсун Током чоор, сурнайды да созолонто тартуучу. Мына ушундай залкар шайыр замандаштары, Улуттук филармониянын, жазуучулар союзунун жамааттары тарабынан бирде эстелип, бирде эскерилбей унутта калып келет. Маркум Током (Токтосун) филармонияда 33 жыл күн тыным коюп, түн уйкусун үч бөлө жанын сабап иштеди. Ал тирүү болгондо 21-октябрда 80 жашка чыкмак. Арабыздан кеткенине 5-октябрда чейрек кылым болот.

Токтосун төкмөлүктүн төрөнүнө чыгыш үчүн айтылуу азуулуу акындар Коргоолдон, Барпыдан, Калыктан таалим тарбия алат. Айрыкча ал Калыктын купулуна толуп, бир мекемеде ата-баладай ээрчишип бирге иштешип, чыныгы шакиртинен болот. Улуу устатынан айтыш өнөрүнүн кереметтүү сырларынан сабак алат. “Тең теңи, тезек кабы менен” дегендей Током төкмө Эстебес Турсуналиев менен эгиз козудай ээрчишип, алым-сабакташа айтышып, байыркы өнөрдүн жаңы баракчасын ачат. Эки ырчы өздөрү жашаган доордун жетишкендерин даңктап, кемчиликтерин сындап, алым-сабактын ондогон жаңы үлгүлөрүн жаратышат. Калың калктын кастарына татышат. Республикада Токтосун менен Эстебестин саламдашуусуз, учурашуусуз бир да шаан-шөкөт, салтанат өтпөйт.

1961-жылы Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясында редактор болуп иштеп турганымда эл акындары Осмонкул, Алымкул баштаган жоон топ аттуу-баштуу ырчылар, комузчулар катышкан жаңы жылга карата 29-декабрда “Эл шайырлары микрофондо” аттуу музыкалык берүү даярдадым. Ошондо филармониянын ошол кездеги адабият бөлүмүнүн башчысы, акын, драматург Райкан Шүкүрбекова мындай деген:

- Бул жерде кыргыздын чоң акындары, 80ге жакындаган Осмонкулдай кары, атактуу Алымкул, Токтосун менен Эстебестей жаш ырчылар, белгилүү Саякбай, Эркесары, Токтонаалы, Ыбырай, Чалагыз, Шекербек, Сайид, Асылбек ж.б. Кана эмесе көрөлү отурушту баштап азыр сиздерге эки жаш акын саламдашмак, - деп Райкан Токтосун менен Эстебеске саламдашуунун кезметин бергенде, Токтосун:

Бүгүн чогууда отурат,
Шайырлардын баарысы
Жалпы келген турбайбы
Жашы менен карысы
Эң эле сонун өң дөөлөт
Ээрчип жүрүп үлгү алган
Эстебес менен Токтосун,
Эсендешип алышып,
Баа берсин устаттар.
Башталмак болду бул жерде
Балдарынын жарышы,
Жаңылып калсак кокустан,
Жардамдашат карысы
Жакшы болот арышы,
Күлүк болор жылкыны,
Кулун тайдан чабуучу,
Кубалашып алышчу
Алар куйрук улап барышчу
Кээде чыгып алдыга,
Кезектүү байге алуучу
Дээринде жок болсо,
Жерине жетпей калуучу
Кызык болор ырчынын
Күнү-түнү тынбай дабышы.

Эстебес:

Кашында бүткүл шайырлар,
Кадимки даңктуу карылар,
Комузчу, ырчы, манасчы,
Топтун баары бар,
Салам айтып сиздерге
Биздей кулан тайыңар,
Балдары өсүп жетилип,
Бактылуу болгон чагыңар,
Атагын атап койбосок,
Аксакалдар таарынар
Алыкем менен Осокем
Атагы элге таанымал
Китеп жазып ыр ырдайт,
Кылымга калды наамыңар,
Сакем болсо зор күлүк
Айкөл Манас айтса
Алты айга болсо чабылар,
Ыбыкем, Чакем комузчу
“Жаа толгоо”, “Жаш тилек”
Шаңшыган күүлөр табылар,
Силерден кийин удаалаш,
Шекербек, Токтонаалылар,
Ысмайыл, Сайид, Асылбек,
Ырычылардан дагы бар,
Райкан болсо белгилүү
Драма, тамсил, ыр жазат
Мына да таланттын
Түрдүү жагы бар,
Өсүп келе жатышат
Бизден да башка жаңылар,
Куттуу болсун бүгүнкү күнүңөр,
Кубанычтуу чагыңар,
Бактылуу күндө баш кошкон
Ээ аксакалдар баалуу сыймык багыңар, - дешип кайымдашып айтышат.

Токомдун мына ушундай ондогон учурашуу, саламдашуу алым сабактары, ар кыл темада ырлары “Айтыштар”, “Туулган жер”, “Балдарга”, “Тилек”, “Күз”, “Токтосун” деген аттарда басмаканалардан жыйнак болуп басылып окурмандарга тартууланат.

Токтосун менен бир мекемеде бир нече жыл бирге иштешип, алым сабакташа айтышып ага ини болуп жүргөн эл артисти, төкмө акын Тууганбай Абдиев Тыныбековдун төкмө акындыгын мындайча мүнөздөдү:

- Баке Токомду өзүң да жакшы билесиң. Кээ бир жамакчылар аягын байлап ырдашат. Маселен аттын башын, иттин башын бириктирип келип тигиндей, мындай дешип ырдашып бир сапты жакшы айтып коюшат. Ал эми накта акындар таза, ачык, көркөмдүү “кындан кылыч суургандай” айтып ырдайт. Токтосун ушундай акын эле. Токтосунда Коргоолдун таасири бар эле. Коргоолдон мурунку акындарда ошондой ырдашса керек эле. Током таасын тамай, таза төгүп ырдоочу.

Токтосундун ар тараптуу, көп жактуу аткаруучулук чыгармачылыгынын бир бөлүгүн темир ооз комузчулук да ээлеген. Ал кыргыздын эркектеринин арасынан алгачкы жолу чыккан көзгө басар темир ооз комузчу Адамкалый Байбатыровдон байыркы аспапты кагуунун түпкүрүндөгү сырларын, күүлөрүн үйрөнөт. Ошентип Токтосун устатынан шакирти өтөт болуп, Байбатыровдун “Тагылдыр тоосу” аттуу классикалык күүсү баштаган “Керме тоо”, “Көк музоо”, “Жортуул күү”, “Секетбай” ж.б. күүлөрдү кагат. Токтосун темир ооз комузда каалагандай ыкмаларды, штрихтерди алып түркүн түрдө кубулта, ар кандай көрүнүштө кубулжута каккан.

Токтосун 1951-жылдан өмүрүнүн акырына 1982-жылга чейин Улуттук филармониянын темир ооз комузчулар ансамблин да жетектейт. Ал отуз жылдан ашык мезгилдин аралыгында ансамблдин кадыр-баркын калк арасында артырып, дүйнөлүк угуучуларга таанылат. Тыныбеков жетектеген чакан жамаат 1957-жылы Москвада өткөн Бүткүл Дүйнөлүк жаштар менен студенттердин VI фестивалында күмүш медалды жеңип алат. Темир комузчулардын ансамбли 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүндө москвалык угуучулардын, көрүнүктүү музыкалык ишмерлердин жогорку бааларына татыйт. Ансамбль Кыргызстанда, Москвада өткөн салтанаттарга такай катышат. Чет өлкөлөрдө гастролдо болот. Чакан топтун баркын, даңкын чыгарган күүнүн бири Адамкалый Байбатыровдун “Тагылдыр тоо” аттуу классикалык күүсү. Бул күүнү укканыңда көргөндөрдү көркөмдүү келбети менен суктандырган Тагылдыр тоонун не бир кооздугу, не бир ажайган сымбаты көз алдына тартылат.
XS
SM
MD
LG