Тышкы иштер министрлигинин мааылматына караганда, АКШда жумуш сапар менен жүргөн Эднан Карабаев 28-сентябрда АКШ президентинин коопсуздук боюнча жардамчысы Стивен Хедли менен жолугушуп, регионалдык коопсуздук, эки тараптуу кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөр өткөрдү. Министр ошондой эле “Миң жылдыктын көйгөйлөрү” программасынын президенти Джон Данилевич менен жолугушкан. Анда Данилевич Кыргызстандын бул программага кириши менен өлкөдөгү социалдык-экономикалык реформалар өнүгүүгө колдоо аларын белгилеген. Данилевич Кыргызстанга келип кетүү ниетин билдирген. (AiT)