Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги менен АКШнын мамлекеттик департаменти ортосунда алгачкы ирет өткөрүлгөн кеңешмеде эки тараптуу мамиленин бардык тармактары талкууланган. Мамлекеттик департамент, коргоо, соода министрлиги, Копсуздук боюнча улуттук кеңеш, АКШнын Казначылыгынын өкүлдөрү кирген АКШ делегациясын мамлекеттик катчынын орун басары Эван Фейгенбаум, кыргыз тараптын делегациясын тышкы иштер министри Эднан Карабаев жетектеген. Сүйлөшүүлөр соңунда тараптар кыргыз-америка мамилеси жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилешкен. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен бүгүн кабарлашты. (AiT)