Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Мьянмада демонстрациялар уланууда


Мьянманын баш калаасы Рангунда бүгүн да демонстрациялар уланып жатканы жөнүндө кабарлар түшүүдө. Ажанс Франс пресс агенттигине ылайык, шаар борборунда коопсуздук күчтөрү жүзгө жакын адамга чабуул коюп, көбүн сабап, бешөөнү кармап кетишти. Бул аралыкта БУУнун атайын өкүлү Ибрагим Гамбари Мьянмага барды. Дипломат аскерий режимдин жетекчилерин демонстранттарга күч колдонуудан баш тартууга, кырдаалды сүйлөшүүлөр жолу менен жөндөөгө үндөмөкчү. Мамлекеттик маалымат каражаттары демонстрацияларды басуу учурунда 9 адам өлгөнүн тастыкташты. Токио япониялык журналисттин окко учканын териштирүү үчүн Мьянмага өз өкүлүн жиберүүдө. Бүгүн эртең менен өлкөдө интернет байланышы калыбына келтирилди. Кечээ хунтанын буйругу менен байланыш кестирилип салган.

XS
SM
MD
LG