“Мамлекетик кызматтагылар алтын казып, өлкөнүн экономикасын көтөрүүнү ойлошкон жок. Алар алтын кенин казууга лицензияларды соодалашып, жеке өзүлөрү ортодон пайда өндүрүүнү көздөшүүдө”,- деп билдирди Жогорку Кеңештин алтын маселеси боюнча комиссиянын төрагасы Болот Шерниязов “Азаттыкка”. Анын айтымында, “Жерүй” алтын кенин иштетүү боюнча 17 жылдын ичинде 8 компания алмаштырылган. Совет биримдиги кезинде “Жерүйдөгү” кенди казууга 70 млн. рубль сарпталып алтынды иштетүүгө даяр болуп калган. Англиянын “Оксус” компаниясы кенди иштетүүгө 55 млн. долларга келишим түзсө, анын келишимин кыргыз өкмөтү бузуп, 220 млн. доллардан ашык каражат сарптоочу Австриянын белгисиз “Глобалд Голд” компаниясына лицензияны алып берип коюшкан. Алар 19-июлда ТЕО өткөрбөй, экологиялык, техникалык коопсуздук, геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин чечими жок эле бет ачарын өткөрүштү, дейт Шерниязов. Ал ошондой эле “Глобалд Голд” компаниясы акциясынын жарымын жакында казакстандын “Визор” финансы компаниясына сатып жибергенин, “Визордун” артында кыргыз “мыкчыгерлери” турарын кошумчалады. (AJ)