Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Дүйшөмбү күнү улуттук госпиталда белгилүү хируг, академик Иса Ахунбаевдин эстелиги ачылды. Аземге маркумдун жакындары, замандаштары, медицина кызматкерлери катышты.

Эске салсак 1959-жылы Ахунбаев Борбор Азияда биринчи болуп жүрөккө ийгиликтүү операция жасаган. Иш-чаранын демилгечилери эми келерки жылы Ахунбаевдин жүз жылдыгын өткөрүүнү көздөшүүдө.

Бейшембиде Аларча көрүстөнүндө залкар, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин эстелиги ачылды. Ага маркумдун жакындары, өкмөт мүчөлөрү, акын жазуучулар катышты. Ал эми иш-чараны маданият министри Султан Раев ачты. Аземде ошондой эле маркумун жакындары, кесиптештери сөз сүйлөшүп, сиңирген эмгегин баса белгилешти. Жыйындын соңунда маданият министри Султан Раев маданият министрлигинин каржылоосу менен Эстебес Турсуналиев жөнүндөгү эскерүү китепти чыгарыша тургандыгын айтты.

Бул жумада Америкалык сүрөтчү Кендал Генри Бишкекке келип, кыргыз көркөм ишмерлерине устаттык сабактарды өткөрдү. Ал Кыргызстанга “Артс-линк” уюмунун чакыруусу менен келип, “Көркөм өнөр коомчулук айдыңында” аттуу долбоордун негизинде кыргыз сүрөтчүлөрүнө, айкелчилерине жана ушул багытта билим алып жатышкан улан-кыздарга “Паблик Арт” көркөм өнөрү, анын негизинде долбоорлорду жаратуу боюнча тажрыйба бөлүштү. Кендал Генринин Бишкектеги чыгармачылык сапары үч күнгө созулду. Ал эми ноябрь айында кыргыз сүрөтчүлөрү тажрыйба алмашуу иретинде Америкага сапар алышмакчы.

Бул жумада адам укуктарына багытталган даректүү тасмалардын “Бир дүйнө” эл аралык фестивалы өттү. Кыргызстанда алгачкы ирет өткөн бул фестивалды “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору жана Прагадагы адам укуктары боюнча эл аралык документалдык фильмдердин “Бир дүйнө” Ван Ворт фестивалы, музыкалык фильмдердин фестивалы, Чехиядагы Борбор Азиялык диаспорунун “Культур-мултур” уюму менен бирдикте уюштурду. Фестивалдын алкагында кыргыз, өзбек, орус, француз режиссерлору тарткан, адам укуктарына багытталган “Кордук”, “Агадездеги чындык”, “Орус айылдарында да аялдар жашайт”, ал эми кыргыз тасмаларынан жаш кинорежиссерлордун “Асыл”, “Менин жашагым келет” аттуу даректүү фильмдер тартууланды.

Фестиваль Бишкекте башталып, андан соң Оштогу Бабур театрында, жана Жалалабадда улантылды. Ал эми фильмдер көрсөтүлгөндөн кийин талкуулар жүрүп, француз режиссеру Кристиан Лелондун катышуусунда устаттык сабактар өткөрүлдү. Фестивалдын көрүүчүлөрүнүн көпчүлүгүн жогорку окуу жайлардын студенттери түздү. Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун буга чейин да адам укуктарын коргоого багытталган бир катар иш-чаралар уюштурулгандыгын жана ал иш-чаралар элдин аң сезимин ойготууга кандайдыр бир деңгээлде таасир бергенин ошондой эле элдин адам укуктары жаатындагы сабатын жоюунун жолдорунун бири бул кино өнөрү экенин белгиледи.

Укук коргоочулардын баамында мындай фестивалдар жана демилгелер адам укуктарын коргоону жана бул жаатта коомчулуктун маалымдуулугун кеңейтмекчи. Андыктан уюштуруучулар эми бул фестивалды жылына өткөрүүнү ниет кылышууда.

Кыргыз кинотармагындагы жаңылыктарга кайрылсак учурда режиссер Темир Бирназаров “Белгисиз багыт” аттуу көркөм тасма тартууда. Драмедия жанрындагы бул тасмада күнүмдүк жашоо чагылдырылат. Ал эми фильмдеги окуя башынан аягына чейин бир автобустун ичинде эле өтөт. Тактап айтканда айылдан чыккан автобус, бара турган багытынан адашып, жол издеп, бир барган жерине эки-үч ирет барганы, анын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн бири-бири менен уруш-талашы, келишпестиктери көрсөтүлөт.

Тасмада баардык тармактын өкүлдөрү бар, башкача айтканда дин, укук коргоо өкүлдөрү, дарыгерлер, айыл башчылары, бийлик өкүлдөрү жана башкалар. Бул ролдордун дээрлик баарын професионал актерлор ойношот. Алардын бири белгилүү куудул, киноактер Күмөндөр Абылов тартип коргоо кызматкеринин образын жаратат. Ал бул фильм бардык чөйрөнүн өкүлдөрүн кайдыгер калтырбайт деген ойдо.

Бул тасманы тартууга каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Бирназаровдун билдиргенине караганда тасма декабрь айында көрүүчүлөргө сунушталат.
XS
SM
MD
LG