Бишкектеги Эл аралык университетке АКШнын эки штатынан сенаторлор келишип, лекция окушат. Сенаторлор Жон Валлентайн менен Карол Уильямска “ардактуу профессор” наамы ыйгарылат. Ошондой эле Юта, Монтана штаттары менен Кыргызстандын эки тараптуу кызматташтыгын чыңдап, байланыштарын арттыруу маселеси каралат. Бул тууралуу аталган окуу жайдын президенти Асылбек Айдаралиев маалымат таратты. (AJ)
17:20 2-октябрда Юта жана Монтана штаттарынын сенаторлору Эл аралык университетке келишет