Бул тууралуу Ассошейтед пресс агеттиги дипломаттарга шилтеме жасап кабарлады. Гамбари Мьянмага кечээ барган. Баш калаа Найпидауда хунтанын жетекчилери менен жолугушкан соң, ал бүгүн өлкөнүн ири шаары Рангунга келди.
Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Сан Су Чи Мьянмада демократиялык кыймылдын символуна айланган. Ал жетектеген партия 1990-жылкы шайлоону жеңгени менен, генералдар добуш берүүнүн жыйнытыктарын жокко чыгарып салган. Гамбари хунтаны демократиячыл демонстрацияларды күч менен басуудан баш тарттырууга көндүрүү аракетин көрмөк. Бүгүн көчө жүрүштөрүн алдын алуу үчүн өлкөнүн ири шаарларына миңдеген аскерлер менен полициячылар жайгаштырылды. Бир нече күн мурун тынч демонстранттарга ок атылып, кеминде 13 киши набыт болгон. Жүздөгөн киши камакка алынды.
Мьянманын мамлекеттик маалымат каражаттары болсо коопсуздук күчтөрү демонстранттарга этият мамиле жасап жатышат деп кабарлашууда.