Документке кечээ Нью-Йоркто АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен кыргыз тышкы иштер министри Эднан Карабаев кол койду. Мамлекеттик департаменттин билдиргенине караганда, келишим аткезчилик жол менен ташылган өзөктүк заттарды кармоо жана муну алдын боюнча Кыргызстандын жөндөмдүүлүгүн күчөтүүнү карайт. Өзөктүк затты мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүү боюнча АКШнын демилгесине КМШдан буга чейин үч өлкө: Украина, Казакстан, Грузия кошулган.
08:51 Кыргызстан жана АКШ өзөктүк заттардын Кыргызстан аркылуу мыйзамсыз ташылуусун алдын алуу боюнча келишим түздү