Бул тууралуу алар кечээги мөөнөтсүз парламенттик шайлоонун бейрасмий жыйынтыктары белгилүү болгон соң билдиришти. Шайлоо бекеттеринде жүргүзлгөн сурамжылоо же экзит пол премьер- министр Януковичтин партиясы добуштардын 35,5%ын, мурдагы премьер- Юлия Тимошенконун блогу 31,5, президент Юшенконун партиясы 13,4%ын алганын көргөзүүдө. Бирок саргылт ыңкылап боюнча өнөктөштөр өз ара бириккен шартта, башкы атаандашы – Януковичтин партиясынан көбүрөөк добушка ээ болушу мүмкүн. Ал эми Янукович биинчи орун алган партия түзүш керектигин билдирди. Шайлоонун баштапкы расмий жыйынтыгы бүгүн чыгаары күтүлүүдө.