АКШ аскер күчтөрүнүн өкүлүнүн маалыматына караганда, Гуантанамо түрмөсүндө отурган сегиз адамдын алтоо Ооганстанга, калган экөө Ливия менен Йемен өкмөттөрүнө өткөрүлүп берилди. Болжол менен дагы 330 адам террорчул Аль-Каида жана Талибан уюмдары менен байланышы бар деп шектелип, Гуантанамодо кармалып турат.