Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:15

12:15 Аксы окуясы боюнча Жалалабаддагы сот жараяны саат 14:00 улантылат


Бүгүн Жалалабадда башталган сот жараянына айыпталып жаткан Садырбек Думанаев, Кубанычбек Токобаев, Зоотбек Кудайбергенов катышууда. Ал эми Аманбек Карыпкулов денсоолугуна байланыштуу сотко катыша албастыгын, анын дарылануусу келерки жылдын февараль айына чейин уланарына байланыштуу сот ишин кийинкиге жылдыруу сунушун факс аркылуу анын адвокаты Галина Скрипкина Жалалабад обл соту аркылуу Бишкек гарнизондук аскер сотуна жолдогонун судья Абдыразак Боромбаев жарыялады. Жалалабаддагы кабарчыбыз Рыспай Абдыраимовдун маалыматына караганда, жабырлануучулардын адвокаты Сыртпай Жайчыбеков Аксы окуясы боюнча мурда айыпталып, кылмыш иши токтотулган Ш.Осмоновду, Ракишевди жана Д.Кулуевди жоопкерчиликке тартууну жана азыркы сот жараянын Аксыда өткөрүүнү талап кылган. Жайчыбеков Кербенде коопсуздук маселелесине керт башы менен жооп берерин, тартипти камсыз кыла тургандыгын билдирген. Айыпталып жаткан С.Думанаев сотту Аксыда өткөрүүгө макул экенин, талап туура коюлуп жатканын белгилеген. Кубанычбек Токобаевдин адвокаты Асек Кабаев бул сунушту четке кагып, жабырлануучу тарапта кыжырданган адамдар бар экенин эскертип, сот ишин Жалалабадда эле улантууну өтүндү. Сотко келишкен жабырлануучулар соттон чакыруу барагын алышпаганын, "Азаттык" үн алгысынан угуп өздөрү келишкенин айтып, муну соттун Аксы окуясына жоопкерчиликсиз мамилеси катары баалашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG