Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 10:14

13:05 Каржы министринин орун басары парламентте катуу сынга кабылды


Каржы министринин орун басары Канат Асанкулов бүгүн парламентте өкмөт жолдогон “Республикалык бюджет боюнча ” мыйзам долбооруна Каржы министрлиги үч сунушту сунуштаганын, ага ылайык бюджеттин киреше бөлүгүнө Талды Булак кенинен 20 млн. доллар түшкөнүн билдирди. Анын айтымында, бул акчанын 11 млн. чыгашаларга, 9 млн. доллар кол коюу бонусуна берилген. Асанкулов ал 750 млн. сомдун 600 млн. сому мамлекеттик матрезервке дан эгиндерин сатып алууга, 150 млн. сом айыл чарба продуктуларын алууга жумшаларын маалымдады. Депутат Камчыбек Ташиев болсо “бонус” деген сөз, кыргызча ооз басырык деген сөз экенин, жогорудагы акча каражаттары “атка минерлер” тарабынан максатсыз пайдаланып кетерин баса белгиледи. Копчүлүк депутаттар берген суролоорго Асанкулов канагаттандырарлык жооп бербегнин, аталган министрлик, өкмөт дан азыктары, кымбатчылык боюнча майнапсыз иш аракеттерди көрүп жатышканын айтышып сынга алышты. Соңунда парламент 750 млн. сомго өкмөт дан эгиндерин сатып алууга макулдук берген чечимин кабыл алды. (AJ)

XS
SM
MD
LG