Бул тууралуу “Азаттыкка” жаштар иши боюнча департаменттин башчысы Айдар Жоробеков билдирди. Анын айтымында мындай иш-чараны өткөрүү тууралуу бүгүн өкмөт үйүнө кат жолдонду. Эгер макулдук берилсе курултай ушул айда референдумду утурлай өткөрүлмөкчү. Ага баардык тармактардан жаштардын өкүлдөрү чакырылып, конституциянын жаңы долбоор талкууланып, жаштар өлкөдөгү саясий абалга өз бааларын беришмекчи. (EBM)