Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:29

15:36 Ысыккөлдө балык кармоого үч жыл мораторий жарыялоого К. Бакиев макул

Мындай пикирин өлкө башчысы Балыкчы шаарында жергиликтүү калк менен болгон жолугушууда билдирди. Анда президент эмдиги туристтик сезондо пансионаттардын тазалоо системасын текшерген атайын комиссия түзүлөөрүн, эс алуу жайлар ал комиссиянын макулдугу менен гана иштээрин маалымдады. Бакиев массалык туризмден элиталык туризмге өтүү маалы келди деп билдирди. Эки жыл мурун көлдө эс алуу аймактарын өнүктүрүү боюнча алты жүз миллион долларлык көлөмдүү программа иштелип чыкканын, анын ишке ашыруу зарылдыгын айтып, аймактагы экономикалык-социалдык өнүгүүнү камсыз кылууга биринчи кезекте жергиликтүү башчылар жооптуу болуш керек деди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)
​
XS
SM
MD
LG