Сурамжылоо жүргүзүүнүн жыйынтыгында “Эмгек жана биримдик” партиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болоорун күбөлөндүрөт, деп билдирди партиянын лидери Табылды Орозалиев маалымат жыйынында. Анын айтымында, учурда партиянын 50 миңге чукул мүчөсү болсо, дагы жүз миңге чукул адам партияга мүчө болуп кирүүгө арыз беришкен. Ал ошондой эле мамлекеттин келечеги, элдин тагдыры үчүн бардык пратияларды биригүүгө чакырды. (AJ)