Адвокат Галина Скрипкина Аманбек Карыпкуловдун ооруп жаткандыгына байланыштуу ага тиешелүү сот ишин токтотууну же башка учурга жылдыруу өтүнүчүн Бишкек гарнизондук сотунун Жалалабаттагы көчмө жыйынына жиберген. Судья Абдразак Боронбаев өтүнүчтү канааттандырып, айыкканга чейин Карыпкуловдун ишин кароону токтотуу, калган үч кызматкердин ишин териштирүүнү улантуу жөнүндө токтом кабыл алды. Сот эртенки күнгө дейре тыныгуу жарыялады. Жабырлануучулар менен күбөлөрдү толук чакыртуу прокуратура тармагына жүктөлдү. Карыпкуловдон тышкары ички иштер министринин мурдагы орунбасары Садырбек Дубанаевге, экс-облпрокурор Зоотбек Кудайбергенов менен областтык милициянын мурдагы башчысы Кубанычбек Токобаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган делип Кылмыш кодексинин 304-305
беренелери боюнча айыпталууда.(YA)
беренелери боюнча айыпталууда.(YA)