Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

БОРБОР АЗИЯДАГЫ ДИНИЙ АБАЛ


Нарын АЙЫП, Прага СССР чачырап, Борбор Азия жумурияттары өз алдынча өнүгүгө киришкенде, бул өлкөлөрдө ислам дагы кеңири тарай баштады. Бир нече жылдан кийин диний уюмдар коомго бир топ тамыр жайгандан соң айрым өкмөттөр аларды - өз бийлиги үчүн бир топ чоң коркунуч деп эсептейт.

Прагада чыгуучу "Transition Online" журналы жакында жазып чыкканга караганда, эгемендүүлүк менен кошо 1990-жылдарда экономикалык реформалар өтө ыкчам башталгандыктан, Борбор Азия калкынын кеңири катмарлары эбегейсиз жакырчылыкка баткан жана дал ошол мезгилде карапайым калктын керектөөлөрүнө жооп берген диний уюмдар региондо кеңири тарай баштаган. СССР чачырагандан кийин мамлекеттик идеология жоголгону дагы диндин кайра жаралышына шарт түзгөн.

Расми маалыматтарга караганда, 1980-жылдарда Тажикстанда 17 гана мечит болсо, азыр алардын саны үч миңге жетти. Өзбекстандагы мечиттердин саны он эле жылдын ичинде беш эсеге көбөйүп, беш миңден ашты, Кыргызстанда советтик мезгилде бирин-серин гана мечит болсо, азыр өлкөдө 1650 мечит бар.

Аны менен кошо айрым мамлекеттерде диний уюмдардын - элди жакырчылыктан чыгара албаган мамлекеттердин ордуна халифат түзүү керек деген чакырыктары азыр Борбор Азиядагы өкмөттөрдү бир топ коркутат. Бирок ага - чындап эле экономиканы көтөрүп, жакырчылыкты жок кыла албаган өкмөттөрдө белгилүү ченемде жоопкерчилик бар деп жазат журнал.

Андай диний өнүгүүгө каршы, мисал үчүн, өзбек жетекчилиги катуу чараларды көргөндүктөн, "Өзбекстан исламдык кыймылы" сыяктуу экстремисттик уюмдар пайда болуп, колуна курал дагы алды. 2005-жылдын май айында Өзбекстандын Анжиян шаарында болгон кыргын үчүн жоопкерчиликти дагы өзбек өкмөтү ошондой уюмдарга жүктөдү.

Ошол эле мезгилде Борбор Азияда акыркы жылдарда башка диндерге өткөн адамдардын дагы саны өсүп баратат. Аларга каршы жергиликтүү мусулмандар гана эмес, расми бийлик дагы кээде аракет көрүүдө. Казакстанда, мисал үчүн, "Харе Кришна" уюмунун кеңсесин бийлик бульдозер менен түрттүрүп салды. Тажикстанда андай диний коомдордун санын азайтуу үчүн аларды каттоо эрежелерин катуулантуу демилгеси көтөрүлүүдө. Былтыр июлда Кыргызстандын түштүгүндө баптист пастор Зулумбек Сарыгулов сабалып кетти.

Мындай жагдайда диний аралык араздашууларды жана жалпы эле абалды жакшыртуу үчүн эң биринчи кезекте экономиканы оңдоо керек деп жазат "Transition Online". Анын билдиргенине караганда, регион мамлекеттерине жардам көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдар дагы экономикага басым жасаш керек. Тиги же бул экстремисттик уюмдарга жергиликтүү адамдар - жоготууга эч нерсеси жок экендигинен кошулууда. Элдин экономикалык абалы жогорулаганда болсо, алар экстремисттик уюмдарга кирээр алдында ал жөнүндө жакшылап ойлонууга аргасыз болот.

Аны менен катар айрым мамлекеттерде динге карата мамиленин оңолгонунун да белгилери бар. Мисал үчүн, 14-сентябрда АКШ Мамлекеттик катчылыгы дүйнөдөгү диний эркиндиктердин абалы жөнүндөгү отчет чыгарганда, көп жылдар бою абакта отурган Түркмөнстандын мурдагы муфтийин бошотуу тууралуу чечимди өзгөчө белгиледи: "Түркмөнстандын өкмөтү жакында - 22 жылга эркинен ажыратылууга кесилген өлкөнүн мурдагы муфтийин бошотту жана биз - диний тармакта дагы рформалар болот деген үмүттөбүз",- деп билдирди отчетту Вашингтон шаарында коомчулукка тартуулап жатып, АКШнын диний эркиндиктер боюнча атайын элчиси Жон Хэнфорд.
XS
SM
MD
LG