Кечээ АКШнын Юта жана Монтана штаттарынан келген сенаторлор Жон Валентайн менен Кэрол Уильямсты Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов кабыл алды. Жолугушууда тараптар карым-катыштын укуктук-келишимдик базаларын, илим, билим берүү жаатында долбоорлорду кеңейтүүнү акылдашты. Бүгүн сенаторлордун катышуусунда Кыргыз-түрк «Манас» университети менен «Юта өрөөнү» университеттеринин ортосунда кызматташтык меморандумуна кол коюлары күтүлүүдө. (BuS)