Евробиримдиктин жооптуу кызматкери (Riina Kionka) Брюсселде өткөн жыйында ушундай билдирүү менен чыкты. Анын айтымында, адам укуктары жаатында Өзбекстан дээрлик Евробиримдик менен кызматташкан жок. Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери 15-октябрда массалык киши өлтүрүү болгон Анжиян окуясынан кийин Өзбекстанга киргизилген санкцияны талкуулайт.(BuS)