Ирактын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 27-сентябрдан бери Киркуктун түндүк аймагында холера илдети боюнча 500дөн ашык факт катталды. Өлкө боюнча холеранын саны 3миңге жетти. Министрликтин өкүлү ошондой эле жугуштуу илдеттен 15 киши мерт болгонун билдирип, илдет көзөмөлдө турат деп билдирди.