Конституциялык соттун ишмердүүлүгүн иликтеп чыккан депутаттык комиссиянын жыйынтыгын комиссиянын төрагасы Азимбек Бекназаров парламентке алып чыкты. Сөз башында депутат өлкөдө жашоо турмуштун абалы абдан оордогонун, баанын өсүшү, азык-түлүк коопсуздугуна көңүл бурулбай, өкмөттүн кризистен чыгуунун программасынын жоктугу мамлекетти оор абалга алып келгенин белгиледи. Бекназаров Конституцияны бузууну экс-президент Аскар Акаев 1994-жылы эле баштаганын, мыйзамдарга таяп Конституциялык соттун мыйзамсыз бир катар чечимдерди кабыл алганын далилдүү мисалдар менен келтирүүдө. (AJ)