Депутат Азимбек Бекназаровдун айтымында, Конституциялык сот түзүлгөндөн бери бюджеттен 70 млн. сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Бул каржаттарды бөлгөндө Конституциялык соттун бир судьясына жылына 1 млн. 200 миң сомдон туура келет экен. Ар кандай себептер менен Конституциялык сот 4 жыл ишебей, жөн эле отурушту, деп билдирди Бекназаров. Депутат Конституциялык соттун 1993-жылдан берки финансылык-чарбалык ишин текшерип чыгуу боюнча эсептөө палатасына тапшыруу, Конституциялык соттун үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрдагы Баш мыйзам тууралуу чечими укукка сыйбаган деп эсептөө, Конституциялык сот түзүлгөн учурдан баштап анын ишин иликтөө боюнча курамында укук таануу тармагындагы белгилүү юристер жана адистерден комиссия түзүү тууралуу президентке кайрылуу, текшерүүнүн жыйынтыгын коомчулукка ачык-айкын маалымдоо боюнча токтом кабыл алууну сунуштады. (AJ)