Карасуу районунун жашоочулары референдумга коюлуп жаткан Башмыйзамдын жана Шайлоо Кодексинин долбоорлору менен таптакыр камсыз этилбеген. Бишкектик юристтер тобунун башчысы Эркин Акимбаев жаңы Конституцияны кыргызчалатууда да мүчүлүштөр толтура экендигин да билдирди. «Жарандар коррупцияга каршы» укук борборунун Оштогу өкүлү Алийма Шарипова Башмыйзамдын долбоору менен Ош облусунун башка райондорунун калкы да тааныш эместигине тынчсызданып, бийлик бул кебетесинде эч нерсеге үлгүрбөй тургандыгын баса белгиледи. (Ато)