Өлкө башчысы Ысыккөл районунун Чоңөрүктү айылында жаңы курулган орто мектептин ачылышына катышты. Өз сөзүндө Бакиев төмөнкү класстын окуучуларынын тамак–ашына бюджеттен берилүүчү каражатты, ар бир балага бөлүнүүчү 5 сомду, 7-8 сомго көтөрүү тууралуу өкмөткө тапшырганын билдирди. Президент Аксуу, Түп, Жетиөгүз райондорунун тургундары менен жолугушуп, ал жердеги иштер менен таанышты. (AJ)