Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:26

17:02 Жерге байланышкан мыйзамсыз аракеттер туурасында коомчулук өкүлдөрү талкуу уюштурат


«Аялдардын пикир айтыш саясий клубунун» жетекчиси Калича Өмүралиеванын билдиргенине караганда, эртең аталган талкууга депутаттар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жерди мыйзамсыз басып алган адамдардын өздөрү катышат. Талкуунун жүрүшүндө негизинен Чүй аймагындагы жерге байланышкан мыйзамсыз аракеттер жана салынып калган курулуштардын жергиликтүү бийликтин буйругуна ылайык түрттүрүлүп салынышы туурасындагы маселе талкууга коюлат. Учурда кезекте турган шаарлыктарга салыштырмалуу жер басып алуучулар көбүрөөк турак- жайга ээ болууда, деген шаарлыктардын нааразылыгы аталган маселени кеңири чөйрөгө алып чыгууну шарттоодо, дейт Калича Өмүралиева. Анын айтымында,сонку кездерде Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы мыйзамсыз салынган жүздөгөн үйлөр түрттүрүлүп, бирок айрым үй куруучулар бара турган үйлөрү жоктугунан чатырларда башпаанек кылышууда. (JJ)

XS
SM
MD
LG