Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:47

08:38 К. Байболов: 21-октябрдагы референдумду жылдырып, атаандаш долбоор даярдоо керек


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутатынын президентке жолдогон ачык катында айтылат. Кубатбек Байболов референдумга жол ачкан Конституциялык Соттун чечими мыйзамсыз, себеби, Конституциялык Сот Баш мыйзамды жокко чыгаруу укугуна ээ эмес деп жазган. Баш мыйзамдын кемчиликтерин белгилеген депутат референдумду Конституциялык кеңешмеде атаандаш эки долбоор иштеп чыккандан кийин кайра жарыялоону президентке сунуш кылган.
Жогорку Кеңеш да референдумду кийинкиге жылдырып, анын алдында «Референдум жөнүндөгү» мыйзамга кол коюуга Президентти чакырып жатат. Парламент мындай токтомду кечээ Конституциялык соттун ишмердүүлүгүн иликтеген комиссиянын сунушунун негизинде кабыл алды. (BuS)

XS
SM
MD
LG