Кыргызстан Улуттар уюмун дүйнөнүн тоолуу чөлкөмдөрүнүн туруктуу өнүгүшү үчүн атайын стратегия түзүүгө чакырды. Кыргыз тышкы иштер министри Эднан Карабаев бул тууралуу БУУнун башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Бул максатта кыргыз тышкы иштер министри экинчи тоо саммиттин өткөрүүнү сунуш кылды.
- Ресурстук мүмкүнчүлүккө карабастан, тоолуу аймактар жашоо деңгээлине жана сапатына байланышкан проблемалардын биринчи кезекте чечилишине муктаж болуп турушат, - деди министр.
Анын айтымында, Улуттар уюмунун өнүгүү боюнча буга чейинки стратегиясы тоолуу аймактарда жакшы иштебей жатат. Кыргыз тышкы иштер министри ага катар Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясын азыркы сессиясында 20-февралды Социалдык адилеттүүлүктүн бүткүл дүйнөлүк күнү деп жарыялоо боюнча атайын декларация кабыл алуу маселесин кароого үндөдү. Карабаедин айтымында бул кыргыз президентинин демилгеси. Эднан Карабаев Башкы ассамблеяда өткөн түнү сүйлөдү.