Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:15

«БОЗ САЛКЫН» ТҮРК ТИЛДҮҮ ӨЛКӨЛӨРДҮН КИНОФЕСТИВАЛЫНЫН БАШ БАЙГЕСИН ЖЕҢИП АЛДЫ


Жакында «Боз салкын» көркөм тасмасы Борбор Азия өлкөлөрүнүн кинофестивалында баш байгени жеңип алды. Аны тарткан режиссер Эрнест Абдыжапаров “Азаттыкка” өзүнүн ийгиликтерин айтып берди.

- Эрнис мырза, алгач «Боз салкын» аттуу көркөм тасмаңыз эл аралык кинофестивалда гран-прин сыйлыгын утуп алганы менен куттуктайбыз.

- Мен алдын ала айтып коеюн, эки чоң фестивал болду, негизгиси эл аралык фестиваль жана Борборазия менен түрк тилдүү мамлекетинин кинолорунун ортосунда атсалыш болду. Борборазия менен түрк тилдеринин мамлекеттик конкурсуна катышып, баш байгеге ээ болдук. Муну тактап айтып коюш керек. Анткени, эл аралык фестивалда ирандык тасма алды. Ошондуктан түшүнбөстүк болуп калбасын. Негизи бул фестивалдын мааниси аябай зор десем болот. Себеби ушул жерге дүйнө жүзүнөн отборщиктер, дистрибютерлер, продюссерлер Алматыга чогулуп келет. Бардык шарттардын барын түзүп берген. Ошол жерден долбоорлор менен алмашат, бири-бирине кинону көрсөтүшөт, чакырылат. Фестивалдын призинен мурун чоң жыйынтыгы бул биз көп чакырууларды алдык. Ноябрдан баштап жайга чейин бир топ фестивалдарга катыша турган болуп калдык.

- Ошол фестивалдар тууралу тактап айтып кетсеңиз, кайсы өлкөлөргө чакыруу алдыңыздар?

- Ирети менен санасак, бул Германия, Италия, Голландия, Швеция, Швейцария, Болгария, Америка, Чехия.

- Ал эми ошол фестивалга кайсы мамлекеттердин фильмдери катышты жана канча көркөм тасма сынакка коюлду?

- Негизги фестивалга 15 тасма коюлду. Биз катышкан фестивалга 12 мамлекеттен тасма коюлду. Ошонун ичинен мыкты деп жакшы баага ээ болдук.

- Эгер жашыруун болбосо алган сыйлык акчалай берилдиби, же диплом менен эле чектелип калдыбы?

- Баш байге 5 миң доллар экен. Аны казактардын “Триш” деген киносу менен тең бөлүшүп, 2 жарым миң долларга ээ болдук. Бирок негизи бул баш байге “вручается продюссеру” деген пометкасы менен экен. Ошондуктан “Ойарт” компаниянын продюссери Алтынай Койчуманова ээ болду.

- Ушул сынакта “Боз салкын” киносуна тартылган киноактерлордун дагы чыгармачылыгы бааландыбы?

- Ооба. Мисалы “Лучшая женская роль” деген диплом алды бир казак кыз. Бул жерден биздин кинодо Асеманын ролун аткарган кыздын образы аябай ачылган деп айтып атышты. Бирок дипломду казак актриса алып кетти.

- Эрнис мырза, алдыдагы иш пландарыңыз кандай?

- Жаңы долбоордун үстүндө иш жүрүп атат, жаңы сунуштар болуп атат. Азырынча алардын барын айта бериш эртерээк болуп калат го. Азырынча эртеңки күндү ойлоп аткан учурум десем болот.

- Маегиңизге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG