Бул тууралуу маалымат жыйынында билдирген экономикалык өнүгүү жана соода министри Сабырбек Молдокулов Кыргызстандын экономикасы туруктуу өнүгүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, сегиз айда тейлөө жана соода кызматы 40%, өндүрүш тармагы 35%, кийим тигүү тармагы 40%, курулуш 35 пайызды түзгөн. Ал эми эт, сүт азыктарынын жана жашылча-жемиштердин баасын ортодон алып сатарлар кымбаттатып жатканын иликтөөлөрдүн жыйынтыгы көргөздү, дейт министр. (AJ)