“Кыргызстан өзүн-өзү камсыздай албайт, ошондуктан биз башка өлкөлөрдөн импорттолгон товарларды алууга муктажбыз”, - дейт экономикалык өнүгүү жана соода министри Сабырбек Молдокулов. Министрдин айтымында буудайдын кымбатташы дүйнө жүзүндө байкалууда. “Дүйнө жүзүндө жылына 1млрд. 670 млн. тонна буудай өндүрүлөт. Анын 229 млн. тоннасы акыркы жылдары техникалык багытта пайдаланылууда. Ушундан улам буудайдын жетишсиздиги аны менен бирге баасынын жогорулашы байкалып жатат. Ал эми Кыргызстанда соңку мезгилде дан эгиндерин эгүүчү аянттар кыскарып, дыйкандардын дан азыктарынан алган пайдасы азайгандыктан, башка өсүмдүктөрдү өстүрүүгө өтүп кетишүүдө”, - дейт министр. (ESu)