Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:59

14:15 Бүгүн Чүй аймагындагы жана Бишкек шаарындагы жер талаш маселеси талкууланды


«Кыргызстандагы жер талаштын артында кимдер жана эмне турат?» деген аталыштагы талкуу аялдардын саясий талкуу клубунда өттү. Талкууга жергиликтүү бийликтин айрым өкүлдөрү жана үйгө муктаж адамдар, укук коргоочулар чакырылган. Мыйзамсыз салынган үйлөрдүн түрттүрүлүшү менен катар жайлуу жерлерге салынып жаткан “Хан сарайлар” туурасында даректүү фильм көрсөтүлүп, Аламүдүн районундагы буздурган токсон беш үйдүн ээлери бүгүнкү күнгө чейин чатырларда жашап жатканы айтылды. Ал эми аталган райондун акими Саматбек Керимкулов эгер жер бөлүштүрүү аяктаса, чынында муктаж болгон адамдар үчүн жер берип калабыз деп ишендирди. Ошондой эле жүздөгөн үйлөр түрттүрүлгөн Сокулук районундагылар болсо өз маселесин депутат Темир Сариевдин кийлигишүүсү менен бир аз жолго салып, беш жылдан кем эмес жашагандарга жер берилет деп убада кылынганы айтылды. (JJ)

 

XS
SM
MD
LG