ТАЛАС. Ысыккөл облусунун Барскоон айылындагы экологиялык “Карек” бей өкмөт уюмдун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева, Таластан келген өкүлдөргө экологиялык көйгөйлүү маселелерди көрсөтпөстөн, Батскоон айыл өкмөтүнүн орунбасары Таалай Шадыканов жалаң бир бетүү оң жактарын көрсөтүп, тандалган бей өкмөт уюмунун өкүлдөрү менен гана жолуктуруп жөнөткөн деп “Азаттыкка” билдирди. Аталган топту Талас шаарындагы катталган “Муундардын теңдиги” деген бей өкмөт уюмдун лидери Таалай Арзыкулов жетектеп барган. “Талас турмушу” гезитинин редакторунун орунбасары Нуржигит Сейдалиев, жолугушуу бир беткей болбогонун, Кумтөр алтын кенинде болуп, комбинатта жүрүп жаткан иш менен кенен таанышып чыккандарын маалымдады. Анын айтымында, алар уулу заттар коюлчу жайларда болушуп, анда тазаланып чыккан сууну өз көздөрү менен көргөнүн билдирди. (UA)