Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

Улуттар уюму талибандын аракеттери тууралуу доклад даярдады


Улуттар уюму Ооганстан быйыл Талибан режими кулатылган 2001-жылдан берки эң коогалаңчыл жылды баштан кечирип жатат деп билдирди. Улуттар уюмунун Кабулдагы бөлүмү даярдаган докладда талиптер жана башка түрдүү уюшмалар тарабынан быйылкы жыл башынан тарта ай сайын орто эсеп менен 525 ар түрдүү кол салуу, жанкечти жардыруулар, киши өлтүрүү, уурдоо катталганы айтылат. Былтыр орто эсеп менен бир айда 425 кол салуу катталган.

XS
SM
MD
LG