Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:05

ОРУСИЯДАГЫ АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫ БРЮССЕЛДЕ ТАЛКУУЛАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Европа Биримдиги жана анын адам укуктарын коргоо боюнча жогорку уюму - Европа Кеңеши менен Орусия ортосундагы мамилелер бир топ ар башка жыйындарда талкууланууда. Бирок орусиялык жана чет өлкөлүк эксперттердин пикиринде, адам укуктарын коргоо тармагында Европа Биримдиги Маскөөгө жетиштүү таасир кылуудан алыс.

Адам укуктарынын бузулганы менен байланыштуу Орусия жарандары сотко кайрылганда, орусиялык соттор алардын арыздарын карабай койгону тууралуу Европадагы адам укуктары боюнча сотко миңдеген адам кат жазган. Алардын көпчүлүгү Чеченстанда жашагандар.

Мисал үчүн, үстүбүздөгү жылдын июлунда Европалык сот - мындан жети жыл мурда орус аскерлери тарабынан кармалып кеткен чечен парламентинин мурдагы спикери Руслан Алихажаевдин туугандарынын арызын карап, орус өкмөтү аларга 40 миң евро кенемте төлөш керек деген чечим чыгарды.

Алихажаев андан бир жыл мурда Шамил Басаевдин Дагестанга жасаган жортуулун катуу сынга алган, ошондуктан, айрым орус байкоочуларынын пикиринде, Маскөө аны экинчи чечен согушунда пайдаланууну көздөгөн.

2000-жылдын 15-май күнү анын үйүнө көптөгөн аскер келип, генерал Алихажаевди алып кеткен, анын туугандары кийин аны эч жерден тапкан эмес жана эч бир арызга бийлик тарабынан жооп дагы берилбей койгон. Бирок 10 күндөн кийин Орусиянын аскерий ордосунун башчысынын орун басары генерал Валерий Манилов - Чеченстанда бир нече террорчу, алардын ичинде Алихажаев дагы кармалды деп билдирген. Орусиянын укук коргоочуларынын пикиринде, Алихажаев орус жетекчилиги менен кызматташуудан баш тарткан болуш керек жана алар аны жөн гана өлтүрүп салган.

Мындай мисалдар көп жана акыркы эки-үч жылда Страсбург шаарындагы европалык сот жүздөн ашык ушуга окшош чечим чыгарды. Ал чечимдер боюнча орус өкмөтү жапа чеккен адамдарга такай кенемте төлөп берет, бирок ал тууралуу маалыматтарды ачык жарыялабайт.

Европа Биримдиги менен орус жетекчилиги ортосунда адам укуктары боюнча атайын комиссия дагы түзүлгөн жана анын кезектеги жыйыны 2-октябрда Брюссел шаарында өттү. Бирок анын эртеси европалык жетекчилер Орусиянын өкмөт өкүлдөрү менен дагы жабык жыйын өткөрдү.

Биринчи жыйынга катышкан Орусиянын Адам укуктар коомунун төрагасы Лев Пономаревдун пикиринде, мындай жолугушуулардан пайда аз болуп жатат: "Негизги маселе - мындай жолугушуулар дүлөй менен сокур сүйлөшкөнгө окшош. Биз бирди айтабыз, Орусиянын расми өкүлдөрү биздин жыйынга катышпайт, андан соң башка жыйын болот дагы, ага биз катышпайбыз. Акырында эч жыйынтык чыкпайт", - дейт Пономарев.

Адам укуктар боюнча эл аралык федерациянын өкүлү Саша Кулаева дагы Европа Биримдигинин жетекчилигин сынга алды: "Орусиядагы адам укуктарынын абалы ачык жана кеңири талкууланды, ал жөнүндө чечим кабыл алууга жакшы шарт түзүлдү жана европалык жетекчилер ага кызыкканын көрсөттү. Бирок анын эртеси - Орусиянын расми өкүлдөрү менен жабык эшик артында консультациялар башталды жана анда эмне айтылып жатканын биз билбейбиз", - дейт Кулаева.

Эксперттердин пикиринде, мындай ыкма менен Орусиядагы адам укуктарынын абалын оңдоо өтө кыйын.

XS
SM
MD
LG